Бишкекте башкы балаты 17-декабрда жандырылат

Бишкекте башкы балаты 17-декабрда жандырылат

Бишкек мэриясы 17-декабрда өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземин өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо иштерин бүтүрүү стадиясында турат, этно-стилде кооздолгон 5000 метрге жакын гирляндалар, 1500 метр 13 даана дуралфор илинген.

«Ал эми борбордук аянтты кооздоо үчүн светодиоддуу жарыктандыруусу бар туннель түрүндөгү эки инсталляция, 12 кичинекей балаты, 12 кар бүртүкчөлөрү, 20 чоң шарлар орнотулду. Учурда ишкананын цехинде келерки жылдын башкы символу болгон бугу жана жолборс түрүндөгү жаңы инсталляциялар жасалып жатат», — деп жазат басма сөз кызматы.

Азыр калаанын борбордук көчөлөрү жасалгаланууда. Жылдыздар, глобустар жана шарлар түрүндөгү жаңы жылдык баннерлер илинген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>