Ош: Айдоо жерлерин мыйзамсыз саткан шылуундар камакка алынды

Ош: Айдоо жерлерин мыйзамсыз саткан шылуундар камакка алынды

Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча  “И.Г.”  аттуу жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2021-жылдын 10-декабрында “И.Г.” аттуу жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, бул ишке тиешеси бар башка адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1000ден ашык жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылган.

Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери “Б.Б.” жана “Ш.С.” кармалган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>