Тик учактын кулашы: Жабыркаган учкучтардын абалы айтылды

Тик учактын кулашы: Жабыркаган учкучтардын абалы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына барып, ушул жылдын 17-январында борбор калаадагы Достук кичи районуна жакын «Фрунзе-1» авиабазасында болгон учак кырсыгынан жабыркаган учкучтардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жооптуу дарыгерлер белгилегендей, бейтаптарга хирургиялык операциялар ийгиликтүү жасалып, алардын абалы жакшырууда.

Өз кезегинде депутат Кундузбек Сулайманов квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мекеменин жамаатына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган. Тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болгон.  Жабыркагандар  учурда ооруканада жатат.

Тик учак кырсыгында көз жумган аскердин сөөгү жерге берилди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>