Бишкекте чет элдик жаран мекендешин кайчы менен ичке сайып салган

Бишкекте чет элдик жаран мекендешин кайчы менен ичке сайып салган

Бишкекте чет элдик жаран мекендешин кайчы менен ичке сайып салган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-январда “102” кызматына Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна ичинен жараат алган чет элдик жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө барып барган. Милиция аныктагандай, Б.К. аттуу чет элдик жаран кайым айтыштан улам А.Р. аттуу мекендешинин ичине кайчы менен сайып салган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча шектүү катары 33 жаштагы Б.К. аттуу чет элдик кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Шаардык милиция чет элдиктер арасында ушундай фактыларды алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>