Олимпиадага карай жол: Жаш балбан Асан Жанышов өлкө чемпиону болду (видео)

Олимпиадага карай жол: Жаш балбан Асан Жанышов өлкө чемпиону болду (видео)

Кыргызстандык жаш балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиону болду. Өлкө биринчилиги 10-11-январда болуп өттү.

11-январда килем үстүнө чыккан Асан Жанышов 87 кг салмакта күч сынашты. Ал финалда өлкө чемпиону болуу үчүн Кыргызстандын таанымал балбандарынын бири Азат Салидинов менен беттешти. Жанышов атаандашын беттештин экинчи бөлүгүндө мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Кармаш 10:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Эми өлкө чемпиону болгон Асан Жанышовдо Париждеги Олимпиадага жолдомо берген лицензиялык мелдештерге катышууга мүмкүндүгү бар. Бирок, белгилей кетсек, быйылкы мелдешке былтыр Кыргызстандын чемпионатын уткан Атабек Азисбеков катышкан жок. Мындан улам алдыда лицензиялык мелдештерге Асан Жанышов менен Атабек Азисбековдун кимиси катышары азырынча белгисиз. Бул маселени машыктыруучулар штабы чечет.

Асан Жанышов 2005-жылы төрөлгөн. Учурда 18 гана жашта. Жаш экенине карабай ал Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу топ жарган балбан болорун көрсөтүүдө. Былтыр Жанышов Бишкектеги мелдеште 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпиону (82 кг) болгон, андан кийин 20 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпионатынын коло байгесин уткан (87 кг).

U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>