Видео: Бишкекте дүкөндөн азык-түлүк, акча уурдоого шектүүлөр кармалды

Видео: Бишкекте дүкөндөн азык-түлүк, акча уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте дүкөндө азык-түлүк жана акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-ноябрда милицияга Ш.Ж. аттуу жаран кайрылып, 8-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан дүкөнүнүн кулпусун бузуп кирип, 150 миң сомдук азык-түлүктү жана ичинде 190 миң сом болгон терминалдын кутусун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 55 жаштагы Б.Т. жана 29 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Аталган эки жаран дагы 6 кылмышка тиешеси бар деп шектелүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0703 333 201 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>