Пост жазганы үчүн соттолгон аял. Иш шаардык сотто каралды

Пост жазганы үчүн соттолгон аял. Иш шаардык сотто каралды

Бишкекте социалдык тармактарда элди улутка бөлүп-жарган билдирүү жазып, 1 жылга соттолгон жарандын (аял киши) иши Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаардык соттон билдиришти.

Иш 23-ноябрда каралып, шаардык сот буга чейин чыгарылган чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Эскерте кетсек, буга чейин 13-сентябарда Биринчи май райондук соту Е.В. аттуу жаранды кылмыш кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Ал жазаа мөөнөтүн катуу режимдеги түзөтүү мекемесинде өтөйт.

Маалым болгондой, айыпталуучу быйыл апрель айында өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Кыргызстандын жарандарынын улутун кемсинткен, бир улуттун башкалардан артыкчылыгын үгүттөгөн билдирүү жазган. Анын посту социалдык тармактардын колдоонуучуларынын сынына кабылган.

Сотто айыптоочу тарап, ал жарандын жазгандары улуттар аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, билдирүүнү мас болгону үчүн жазганын айткан. Ал жазган сөздөрү үчүн өкүнүп жатканын, абакка камоодон башка жаза берүүнү суранган.

Бишкекте элди бөлүп-жарган пост үчүн аял бир жылга соттолду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>