Бишкекте Эгемендүүлүк күнүндө кандай иш-чаралар өтөт?

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүндө кандай иш-чаралар өтөт?

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте бир катар маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-августта саат 16:00-19:00дө “Ден соолук” сейил багында спорттун беш түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча мелдеш өтөт. Ошондой эле паркта саат 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Тепляшиндин үч автобусту өз күчү менен сүйрөп, рекорд көрсөтүүсү пландалууда.

Ал эми Ала-Тоо аянтында саат 19:30да кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтөт.

Октябрь районунда:

— 31-августта саат 18:00-21:00гө чейин “Ынтымак-2” сейил багында Street Food фестивалы уюштурулат. Иш-чара ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндарды камтыйт.

Свердлов районунда:

— 30-августта саат 10:00дө “Кара жыгач” сейил багында концерттик программа менен коштолгон иш-чара өтөт;

— 30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында шаардыктар жана МАБдын активисттери үчүн спорттук оюндар өткөрүлөт;

— 31-август күнү саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндарды өткөрүү пландалууда;

— 31-август саат 11:00дө «Эне-Сай» конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин районунда:

— 31-августта саат 10:00дө “Ак-Өргө” конушунда, Жолон/Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде концерттик программанын коштоосунда балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда;

— 31-августта саат 14:00дө Ала-Арча конушунда, Сыдыгалы/Шералиева көчөлөрүнүн кесилишинде дагы шаардыктарга майрамдык иш-чара пландалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>