Бишкекте эки чөнтөкчү кармалды (видео)

Бишкекте эки чөнтөкчү кармалды (видео)

Бишкекте коомдук унааларда чөнтөк уурулугу менен алектенген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-январда болжол менен саат 08:00до Чүй менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобустардын биринен чет элдик жарандын 13 миң сомдук Vivo телефону уурдалган. Телефонун уурдаткан адам милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 40 жаштагы Г.У. жана 45 жаштагы Э.Н. аттуу адамдар кармалган. Тинтүү учурунда шектүүлөрдөн 2 телефон табылып алынган. Алардын бири милицияга арыз менен кайрылган чет элдиктин телефону болгон.

Шектүүлөр соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, кармалгандар мурда бир нече жолу соттолушкан. Ал эми 40 жаштагы Г.У. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Быйыл январь айында гана абактан чыккан. Алардын башка чөнтөк уурулугуна катыштыгы бар экени аныкталган.

Укук коргоо органдары шектүүлөрдүн кылмыштуу аракетинен жабыркагандар болсо, 0(706) 102 102, 0(705) 310 931 же «102» номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>