Көңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынатНепалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырдыБишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталдыЗаводдор, ГЭСтер жана экспорт: Кыргызстан кытайлык инвесторлорду кайсы тармактарга чакыруудаКөчмөндөр оюндары учурунда ден соолукту кантип сактоо керек — медиктердин сунуштамалары
Бишкекте шаар тургунун тоноп кеткен шектүү кармалды
23.01.2024 | 16:37
Бишкекте шаар тургунун тоноого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-январда болжол менен саат 22:00до Пушкин көчөсүнөн белгисиз адам шаар тургунуна күч колдонуп, Samsung A10 телефонун тартып алган. Бул боюнча жабырлануучу милицияга кайрылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы К.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.