Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жарандары кармалды

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жарандары кармалды

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча издөөдө жүргөн У.Б. аттуу жаран кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, издөөдө жүргөн аял коомдук жайларда жүзүн таануу системасы орнотулган сырттагы видеобайкоо камераларын колдонуу менен кармалган.

Ошол эле күнү Жал кичирайонунан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен издөөдө жүргөн У.Ф аттуу жаран дагы кармалган. Ал сырттагы видеокөзөмөл камераларын колдонуу менен да кармалган.

Бул адамдар видеокөзөмөл камералары аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн адамдар экени аныкталган.

Орусияда жарандарга каршы кылмыш иштери 2021-жылы козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>