“Өзүңөр да издегиле”. Бишкекте 5 унааны сүзүп, качып кеткен айдоочу табылбай жатат (видео)

“Өзүңөр да издегиле”. Бишкекте 5 унааны сүзүп, качып кеткен айдоочу табылбай жатат (видео)

Бишкекте былтыр 30-декабрга караган түнү 5 унааны сүзүп, качып кеткен айдоочу табылбай жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жабырлануучулар билдирди.

Унаасын белгисиз айдоочу сүзүп кеткендердин биринин айтымында, окуя 30-декабрга караган түнү саат 03:00го жакын Малдыбаев көчөсүндө Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине жакын жерде болгон. Бул окуяда Nissan Primera, Mitsubishi Outlander, Toyota Passo, Daewoo Matiz жана Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаалар жабыркаган. Алардын баары унаа токтото турган жерде турган.

“Мен үйдө болчум. Түнкү саат 03:00до мага “унааңды сүзүп кетти” деп чалышты. Барсам, “кырсык 15-20 мүнөт мурун болдудеп айтышты. Белгисиз айдоочу 5 унааны катары менен сүзүп, качып кетиптир. Бешинчи унаанын ичинде ээси отурган экен. Машина урунгандан кийин эле ал сыртка чыкканча күнөөкөр качып кетиптир. Унаанын номерин көргөнгө жетишпей калыптыр. Болгону күмүш түстөгү унаа экенин көргөн. Анын айтымында, унаа Малдыбаев көчөсү менен Ахунбаевди көздөй ылдый түшүп, солго бурулуп кетип калган. Биз Милициянын кайгуул кызматына чалып, алар келип, чиймелерин чийди. Алгач 4 киши арыз жаздык. Бир унаанын ээси телефонунун номерин унаасына таштабаптыр. Ал эртеси күнү барып арыз жазды”, — дейт ал.

Окуядан кийин эле алар айлана-тегеректи карап, Mercedes-Benz унаасынын эмблемасын, бамперинин сыныктарын табышкан.

Учурда унаанын ээлери жол кырсык болгондон 13 күн өткөнүнө карабай Милициянын кайгуул кызматы күнөөкөр адамды таба албай жатканына нааразы. Алардын айтымында, кайгуул кызматкерлери көңүл кош мамиле менен иштеп жатат. Болбосо “Коопсуз шаар” долбоорундагы, андан тышкары жолдогу кафе-имараттардагы камералардын жардамы менен айдоочуну таап койсо болмок деген пикирде.

“Милициянын кайгуул кызматкерлери издеп жатат деген ойдобуз. Бирок көңүл кош мамиле кылып, жай иштеп жатат. Себеби жолдун жанындагы кафелердин, кеңселердин, ошондой эле “Коопсуздук шаар” долбоорунун камералары бар. Ошолорду карап чыкса эле табылмак да. Биз барсак “өзүңөр да издегиле” дейт. Ошентип бизге да кафе-кеңселердеги камералардын видеосун алууга уруксат кагазын берди. Ошону менен “Ататүрк” сейил багынын тушундагы бир имараттын камерасындагы видеожазууну алдык. Ал жерде алдыңкы оң фарасы сынган Mercedes-Benz унаасы кырсык болгондон кийин эле өтүп жатканы видеого түшүп калыптыр. Биздин унааларды сүзгөн ошол машинадагы айдоочу болушу керек деп жатабыз”, — дейт ал.

Алар кайгуул кызматкерлери “Коопсуз шаардын” камераларын толук изилдеп, караган жок деген ойдо.

“Жанагы айдоочу Ахунбаев менен батышты көздөй кеткенде Токтоналиев көчөсү менен кесилишкен жерден өтөт экен. Ал жерде “Коопсуз шаардын” камерасы турат. Бирок «аны иштебейт» деди. Сураштырсам, ал камералар “Коопсуз шаардын” экинчи этабы боюнча коюлуп, иштеп баштай элек экен. Бирок андан өткөндөн кийин Чыңгыз Айтматов проспектисинде “Коопсуз шаардын” камералары бар да. Эмнеге аларды карабайт? Дагы башка жерлерде камера бар. Бирине болбосо, башкасына видеого түшүп калгандыр”, — дейт айдоочулар.

Алардын айтымында, унааларын оңдотконго, алдын ала эсеп боюнча, баары болуп 250-300 миң коротушат.

“Мисалы мен унаамдын алды урулган. Аны өз акчама оңдотуп жатам. Азыр 70 миң сом кетти. Жалпы 90 миң сомдой акча коротом деп турам”, — дейт айдоочулардын бири.

Ал эми Милициянын кайгуул милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, бул окуя боюнча алардын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери камералардагы видеожазууларды алып, издеп жатат. Бир унаа камерага түшкөн, бирок ал боюнча так илинчек жок.

“Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан толук кандуу иштер жүргүзүлүп жатат. Жүргүзүлгөн ар бир иштин, сөзсүз түрдө, жыйынтыгы болот. Катталган жол кырсыктары эч качан кароосуз калбайт, көңүл кош мамиле жасалбайт. Буга чейин болгон жол кырсыктарында качып кеткен айдоочулар табылып, мыйзам чегинде чара көрүлүүдө.

Биздин кызматкерлер “өзүңөр да издегиле” деп айтпайт. Бир маалыматтар болуп калса, бизге “кошумча жардам берсеңер болот” деп айтышы мүмкүн”, — деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>