Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Мектепте быйыл окуу жылы 30-майда аяктайт
12.05.2020 | 11:59
Жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
⠀
Эске салсак, төртүнчү чейрек мектептерде аралыктан окутулду. 5-6-7-8- жана 10-класстар үчүн быйыл көчүрүү сынактары болбойт. 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик аттестациядан өтүү форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.
⠀
Ал эми ЖРТ 20-25-июнда мурдагыдай эле форматта өтөт. Азыр каттоо жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом