Бишкекте ичимдик ичкен жигиттерге айып салынды

Бишкекте ичимдик ичкен жигиттерге айып салынды

Коомдук жайда спирт ичимдигин ичкен жигиттердин ар бирине 5,5 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-майда түнкү саат 02:30 чамасында милиция кызматкерлери кайгуул жүргүзүү учурунда Жеңиш аянтынын айланасында ызы-чуу салып, коомдук тартипти бузуп, кыйкырып ырдап жатышкан адамдарды байкаган.

Кайгуул милиция кызматкерлери жакын барганда 6 жигитти мас абалда көрүшкөн. Алардын жанында бир жолу колдонулуучу чөйчөктөр, бир нече арак бөтөлкөлөрү жана тамеки калдыктарын туш келди ыргытып салышканы айтылат. Кармалгандар наркологиялык борбордо текшерүүдөн өткөрүлүп, андан кийин ар бирине протокол түзүлүп, 81-беренененин («Баңги заттарды же психотроптук заттарды колдонуу, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү») негизинде айып салынган.

Ошондой эле коомдук тартипти бузуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>