Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Жеңиш Молдокматовго дагы бир айып тагылды – видео
08.05.2021 | 17:17
Жарандык активист Жеңиш Молдокматовго 264-берене (“массалык баш аламандыкты уюштуруу”) менен айып тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.
Анын айтымында, башта 245-берене “Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алууга аракет кылган” деп айып тагылса, бүгүн 264-берене (“массалык баш аламандыкты уюштуруу”) менен айып тагылды.
“Алгачкы берене менен далили жок болгондуктан башка берене менен айыптоодо”, – дейт жактоочусу.
Белгилей кетсек, буга чейин Молдокматов Ички иштер министрлигинде эки жолу сурак берген. Экинчи жолку сурактан кийин ага “Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алууга аракет кылган” деген айып коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат