Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Бишкекте карантинде иштеп жаткан чайхана аныкталып, айып пул салынды
19.05.2020 | 13:15
Карантинге карабай иштеп жаткан «Кара-Суу» чайханасы Ленин райондук мобилдүү командасы тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Кара-Суу» чайханасындагы конок бөлмөлөрү эс алуучуларга толгон. Ошондой эле аталган тамактануучу жайдын кызматкерлери толук курамда иштеп жатышкан.
Кафенин ээси А.Конгантиев укук бузуу фактысын “өзүнүн жакындары” менен маектешип отурганын түшүндүрдү.
Рейддин алкагында кафе ээсине протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом