Кыргызстандагы колбаса чыгарган ишканалар текшерүүгө алынат

Кыргызстандагы колбаса чыгарган ишканалар текшерүүгө алынат

Россиянын Россельхознадзору «Тойбосстун» («Адал азык» фирмасы) колбасаларынан «чочконун ДНКсы табылды» деген билдирүүсүнөн кийин Кыргызстандагы колбаса чыгарган бардык ишканалар текшерилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун башчысы Эрмек Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, «Тойбосс» колбасаларынын буга чейинки лабораториялык изилдөөлөрүндө чочконун эти табылган учур болгон эмес. Эми бул окуядан кийин колбаса өндүргөн ишканалар текшерилет.

«Азыр буйрук чыгып жатат, күчөтүлгөн текшерүү жүргүзүлөт. «Адал азык» гана эмес, өндүрүлүп жаткан бардык колбаса азыктары текшерилет. Алардын жыйынтыгы чыккандан кийин расмий маалымат берилет», — деди Курманкулов.

Ал билдиргендей, адал азыкты лабораториялык изилдөөдөн өткөрүүдө бир гана арам малдын эти кошулуп-кошулбаганы гана эмес, пестициддердин, уулуу заттардын элементтеринин жоктугу текшерилет.

Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык кызматы (Россельхознадзор) «Тойбосстун» («Адал азык» фирмасы) колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирген.

Бүгүн, 10-апрелде ал боюнча маалымат жыйын өтүп, «Адал азык» фирмасынын башкы директору Мырзабек Орумбаев Россельхознадзордун маалыматын төгүндөп, алар колбаса чыгарууда чочко этин колдонбой турганына 100% кепилдик берерин билдирди.

Адал колбасадан чочконун эти чыкканы боюнча “Адал азык” ишканасы үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>