Дастан Бекешев: Кыргызстанда Салык кодексине 113 түзөтүү даярдалууда — негизгилериОш шаарында 110 орундуу медициналык борбор ачылдыКыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалды
Бишкекте мектеп директорлору пара берүү үчүн акча чогултушкан
29.03.2024 | 14:00
Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгы билим берүү мекемелеринен мыйзамсыз түрдө акча чогулткан. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Эсептөө палатасынын инспектору М.Ф.К.га аталган райондун 22 билим берүү мекемесинде 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн башкармалыктын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган. Ага пара берүү үчүн 19 мектеп, 3 балдар чыгармачылык борборунан 25 миң сомдон чогулткан.
УКМКнын билдирүүсүндө, инспектор акчаны Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде алган. Ал кармалып, Шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом