Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Мадумаровдун жактоочулары шаардык сотко апелляция менен кайрылат
29.03.2024 | 13:10
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Бишкек шаардык сотуна Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө даттанып кайрылат. Бул тууралуу анын жактоочу Юлия Богданова Reporter.kg’ге билдирди.
Анын айтымында, саясатчы соттун өкүмү менен макул эмес жана ал койгон айыптар боюнча толук актоону талап кылат. Арыз райондук соттун өкүмү даяр болушу менен берилет.
Белгилей кетсек, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана бийликтен аша чабуу айыбы менен күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген жок.
Сот Мадумаровду эки иш боюнча күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген жок
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат