Ошто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланатӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу барСокулукта 5 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм табылдыБишкекте 9-май күнүндөгү иш-чараларда коопсуздук чаралары күчөтүлөтБорбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдаштыМонополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтар
Бишкекте милиционер баңгизат менен кармалды
15.02.2024 | 09:40
Бишкекте милиция кызматкери ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматы боюнча, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү маалында 1-февралда Т.А. уулу, К.Б., Ж.Ы., С.Б. уулу аттуу төрт адам кармалып, аларды тинтүү учурунда ири өлчөмдөгу “нашаа” маңзаты табылып алынган. Кармалгандардын арасында милиция кызматкери бар болгон. Ал Бишкектеги кайгуул-күзөт полкунда кызмат өтөгөн (сержант).
Соттун чечими менен Т.А. уулу жана Ж.Ы. аттуу жарандар №1 тергөө абагына камакка алынган.
Министрлик билдиргендей, алар ички иштер органдарына көлөкө түшүргөн кызматкерлерден арылуу боюнча иштерди улантууда.