Бишкекте милиция «Чөнтөк уурулукка жол жок!» аттуу иш-чара өткөрдү (видео)

Бишкекте милиция «Чөнтөк уурулукка жол жок!» аттуу иш-чара өткөрдү (видео)

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери «Чөнтөк уурулукка жол жок!» аттуу түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түшүндүрүү иш-чара коомдук жайларда чөнтөк уурулук фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу 11-августтан 30-сентябрга чейин өткөрүлгөн.

«Ленин райондук милициянын кызматкерлери борбор калаанын жарандарына жана конокторуна негизги коопсуздук эрежелерин сактоону өтүнүп, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан коомдук унаалардын айдоочулары менен дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, сиздерден жеке буюмдарыңызга сак болууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Милиция уурулукка күбө болгон же кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жарандар болсо, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө же 0 (312) 352 947, 0 (502) 102 149 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>