Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Бишкекте өрт чыккан батирден 84 жаштагы карыя куткарылды
13.12.2024 | 13:49
Бишкекте өрт чыккан батирден 84 жаштагы карыя куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 13-декабрда эртең менен Тоголок Молдо көчөсүндөгү көп кабат үйдөн өрт чыгып, ал бир сааттан кийин өчүрүлгөн.
Өрт учурунда көп кабат үйдөн 10 адам эвакуацияланган. Ошондой эле 84 жаштагы карыя иске ууланып, батирдин ичинде калып калган. Куткаруучулар карыяны үйдөн алып чыгып, ал ооруканага жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом