Бишкекте Пакистандын элчилигинин жанында маңзат катып жаткан эки жаран кармалды

Бишкекте Пакистандын элчилигинин жанында маңзат катып жаткан эки жаран кармалды

Бишкекте баңгизат каткан шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-ноябрь күнү болжол менен саат 22:58де Пакистандын элчилигин кайтарып турган милиция кызматкери Руслан Коршунов элчиликтин имаратынын айлана-тегерегине кайгуул жүргүзүү учурунда эки адам уюлдук телефондун жарыгын күйгүзүп, бир нерсе катып жатканын байкаган. Милиция кызматкеринде шек жаралып, алардын жанына басып барганда, бирөөсү жерден желим баштыкчага салынган жашыл-көк түстөгү белгисиз затты алганын көргөн. Милиция кызматкери аны кармап, полктун нөөмөт-бөлүмүнө кабарлаган

Окуя жерине кармоо тобу барган. Кармалган эки адамдын жанында өздүгүн ырастаган документтери болгон эмес. Бирок алар өздөрүн 26 жаштагы А.А. уулу жана 340 жаштагы У.А.Н. деп тааныштырган.

Кармалгандар Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>