Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталды

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталды

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги маалымдады.

Маалым болгондой, жумалык 20-25-апрель күндөрү өтүп, ар кандай маданий иш-чаралар менен коштолот.

Жумалыктын биринчи күнүндө “Манас” трилогиясы аталышындагы жаңыча форматта “Манас” эпосун баяндаган концерт тартууланды.

Белгилей кетсек, 19-ирет өтүп жаткан музыка жумалыгын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана «Манас» театры менен биргеликте уюштурган.

Салттуу музыка жумалыгынын программасы бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>