Бишкекте социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

Бишкекте социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

Социалдык камсыздоо жыл сайын миллиондон ашык адамды камтыйт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова социалдык кызматкерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.

Майрамдык иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Социалдык фонддун жана профсоюздар Федерациясынын өкүлдөрү катышты.

«Социалдык камсыздоо системасы миллиондон ашык жакыр үй – бүлөлөрдү, майыптыгы бар балдарды жана чоңдорду, улгайган жарандарды, жеңилдиктердин ордуна компенсация алуучуларды-Баатыр энелерди, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин жана башка көптөгөн адамдарды камтыйт. Бул биздин республиканын калкынын 17% түзөт.

Садыр Жапаровдун социалдык чөйрөгө көңүл буруусунун аркасында акыркы эки жылда интернаттарда ар кандай төлөмдөр жана тамак-ашты каржылоо 100% дан 200% га чейин жогорулады, социалдык кызматкерлердин эмгек акысы өстү.

Өлкө башчысынын демилгеси менен өлкө тарыхында биринчи жолу «социалдык контракт» долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке бизнесин ачуу жана турмуштук оор кырдаалдан чыгуу үчүн каражат бөлүнүүдө. Дээрлик 13 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, бул 70 миңден ашуун адамдын жашоо шартын жакшыртты», — деди министр.

Гүлнара Баатырова социалдык коргоо тармагында иштөө жүрөктүн каалоосу менен гана болорун белгиледи.

«Адамдарды сүйүү жана урматтоо, боорукердик, жогорку кесипкөйлүк Кыргызстандагы социалдык кызматкерлердин негизги сапаттары. Бүгүнкү күндө 900дөн ашык социалдык кызматкерлер 10 миңден ашык адамды үйүндө тейлейт», — деди ал социалдык коргоо кызматкерлерин майрамы менен куттуктап.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>