Токой кодекси 16 жаңы аныктама менен толукталууда

Токой кодекси 16 жаңы аныктама менен толукталууда

Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында  “Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду. Бул тууралуу паралменттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган айыл чарба министринин биринчи орун басары Мурат Раматов белгилегендей, мыйзам долбоору токойлорду башкаруунун ченемдик укуктук жана институционалдык негиздерин өркүндөтүү, ошондой эле Токой кодекси менен Кыргызстандын башка ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыкты.

Мыйзам долбоору ошондой эле токойлорду кыйла натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, токойлорду туруктуу башкаруунун, контролдоонун жана коргоонун заманбап жана прогрессивдүү механизмдерин киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Муну менен катар Токой кодекси “токой экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрү”, “токойду коргоо”, “плантация”, “токой өстүрүү” жана башка сыяктуу 16 жаңы аныктама менен толуктоо сунушталууда.

Талкууда депутат Мирлан Самыйкожо Кочкордогу токой чарбасынын аймагынан ишкерлерге ижарага берилген жерлер боюнча маселени көтөрүп, токой аянттарын талкалаган жагдай боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматын сурады.

Ага токой кызматынын жетекчиси Алмаз Мусаев жооп берип,  быйыл апрель айынан тартып балык чарбасын уюштуруу максатында жеке ишкерлерге жерлерди ижарага берүүгө мараторий жарыяланганын белгиледи. Депутат Акылбек Түмөнбаев Аксуу-Каракол токой чарбасында жетекчилердин улам алмашуусунун айынан чарбадагы мал жандыктар жоголуп, токой аянттары ижарага туура эмес таратылганы боюнча маселени көтөрдү.

Талайбек Масабиров  мыйзам долбоорун колдорун белгилеп, жайыттарды зыянга учуратып жаткан Алтыкана тикендүү өсүмдүгүн жоготуу боюнча токой чарбасынын алып барып жаткан иш пландарын сурады.

Бактыбек Чойбеков Кыргызстандагы токой чарбаларда эмгектенип жаткан кызматкерлердин эмгек маяналарын тактап, токой чарбалардын ортосундагы чектерди тактоо жана аларды ирилештирүү боюнча маселени көтөрдү.

Нуржигит Кадырбеков алтын казууга берилген токой аянттары талкалоого учурап жатканы боюнча маселени айтып, Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы Тактазан участкасында 15-20 кг алтын үчүн токой аянттарын бузуп жаткан казуу иштерин токтотууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>