Бишкекте таштанды чыгаруунун тарифин көтөрүү пландалууда

Бишкекте таштанды чыгаруунун тарифин көтөрүү пландалууда

Бишкекте таштанды чыгаруунун тарифин көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге «Тазалык» ишканасынын директорунун орун басары Марат Алдашкуров билдирди.

Ал белгилегендей, Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тариф 6 жыл мурда көтөрүлгөн. Учурда бардык нерсе кымбаттагындыктан жана кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу үчүн тарифти көтөрүү керек.

«Акыркы тариф 2016-жылы 1-январда 22,5 сом болуп кабыл алынган. Ортодо 6 жыл өтүптүр. Алты жылда көп нерсе кымбаттады. Мисалы күйүүчү май 100%га, андан тышкары унаанын тетиктери кымбаттады. Биз тарифти элге кыйын болбогондой карап берүүсүн суранып жатабыз. Себеби айлыкты көтөрүү, тетиктерди сатып алуу, «Тазалыктын» өзүн-өзү камсыз кылуусу чоң маселе болуп турат. Биз азыр документ даярдап жатабыз. Депутаттар колдоп берсе… негизи тарифтерди көтөрүш керек. Бүгүнкү күнү 22,5 сомго 1 бөлөткө суу же нан ала албайсың», — дейт ал.

Ал белгилегендей, тарифтер канчалык көтөрүлөрүн шаардык кеңеш чечет.

«Тазалык» ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мурат Эсеновдун айтымында, азыркы тапта аларга атаандаш кылуу үчүн жеке компанияларга шаардын эки району берилгендиктен ишканада каржылык маселе жаралышы мүмкүн. Ансыз да алардын өзүнүн тапкан жана мэриядан алган каражаттары аздык кылат. Маселен алар мэриядан 514 млн сом жана абоненттерден 214 млн сом жыйнап алат.

«Бюджеттен бөлүнгөн акчаны көчөдөлөрдү шыпыруу, тазалоо жумуштарына жумшайбыз. Андан ытшкары чет мамлекеттен коноктор келгенде аянттарды тазалоого, көрктөндүрүүгө кетет. Дагы бир бөлүгү кышкыга карата кум сатып алууга, карды тазалоого жумшалат. 3 жылдан бери 514 млн сомдон бөлүнүп келе жатат. Өзүңүздөр билгендей жылда инфляция жүрүп, баары кымбаттап жатат. Жыл аягына келгенде кайра эле «Тазалыктын» акча сурамайы адатка айланып калган. Октябр-ноябрда кайра акча сурай баштайбыз. Былтыркы жасаган жумуштарыбыз 600 млн сомго чыккан», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>