Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкекте татар тасмалары көрсөтүлөт
04.07.2023 | 09:56
Бишкекте татар кино күндөрүнүн алкагында татар тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, саамалык 9-10-июлда болуп өтөт. Тасмалар Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Кирүү акысыз.
Кино күндөрдүн жадыбалы:
9-июль:
16:00 – “Сүмбүл” (2019-ж., Өзбекстан менен бирге тартылган, реж. Рашид Маликов менен Рамиль Фазлиев)
18:30 – “Тарлан” (2021-ж., Казакстан менен бирге тартылган, реж. Юлия Захарова)
10-июль:
16:00 – “Апипа” (2020-ж., реж. Ильшат Рахимбай)
18:30 – “823-чакырым” ( 2023-ж., реж. Амир Галиаскаров менен Ирек Хафизов)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз