Бишкекте тургунду кримчөйрөнүн өкүлү сабап салган. Шектүү кармалды

Бишкекте тургунду кримчөйрөнүн өкүлү сабап салган. Шектүү кармалды

Бишкекте шаар тургунун сабоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр 21-ноябрда милицияга У.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, ошол күнү Т.Т. аттуу адам аны эч себепсиз сабап салган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Октябрь райондук милициянын кызматкерлери 31 жаштагы шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, ал Бишкек шаардык милициянын атайын багыттагы кызматкерлеринин жардамы менен кармалган. Аталган жаран ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандарды 0(559) 00 99 99, 0(500) 15 11 11, 0(507) 12 54 45 же “102” номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>