Садыр Жапаров Сауд Арабияга жөнөп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Садыр Жапаров Сауд Арабияга жөнөп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти.

Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

— Улукбек Марипов — Кыргызстандын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси;

— Данияр Амангельдиев — экономика жана коммерция министри;

— Тойгонбай Абдыкаров — Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

— Каныбек Туманбаев – Президенттин иш башкаруучусу;

— Талгат Аширбеков – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>