Бишкекте компьютердик клубдан «вебкам» студия табылды — видео

Бишкекте компьютердик клубдан «вебкам» студия табылды — видео

Бишкекте кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган «вебкам» студия табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 6-апрелде, Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өзүн компьютердик клуб катары көрсөтүп келген «студиянын» дареги аныкталып, ал жер ыкчам кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алган.

«Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган.

Бул «мекемеде» болжол менен 20-25 жаштагы 7-8 жигит иштешкени белгилүү болгон. Бирок, бул балдар котормочулар экени маалым болуп, алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган», — деп билдирет ИИМ.

Министрликтин божомолу боюнча, компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу толук мүмкүн.

«Ошондой эле, сайттарга кирген кардарлар дагы башка шаарда жашашат. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Көрсө, кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экен. Бул бизнес бир топ киреше алып келет. Жумушчулардын айтымында, бул турак жайдын ижара акысына ай сайын 700 доллар төлөнөт», — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер табылып алынган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>