Ысык-Көлдө акыркы үч айда жол кырсыктары 11 пайызга азайды

Ысык-Көлдө акыркы үч айда жол кырсыктары 11 пайызга азайды

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы 11 пайызга азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 10-апрелде Каракол шаарындагы Ысык-Көл ОИИБдин жыйындар залында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда Ысык-Көл облустук ЖККК бөлүмүнүн 2023-жылдын 3 ай ичинде аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу  боюнча атайын ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн ыкчам кеңешмеде ушул жылдын 3 ай ичинде Ысык-Көл облусунун аймагында жалпы катталган жол кырсыктарынын саны былтыркы 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу -11,1%га,  жаракат алгандардын саны -18,8%га, ал эми балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 11  болуп былтыркы жылдын көрсөткүчү менен бирдей абалда болсо,  жаракат алган балдардын саны -14,2%га кыскаргандыгы белгиленди.

Ошондой эле, жол кырсыктарын алдын-алуу багытындагы 3 ай ичиндеги аткарылган иштер менен бирге  өздүк курамга — кызмат өтөө учурунда  айдоочулар менен сылык мамиледе болуу, жардамга муктаж болгон жарандарга тиешелүү жардам берип, сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү жана өзгөчө көңүлдү жол эрежелерин одоно бузуп, жол кырсыктарына шарт түзгөн айдоочуларга буруу экендиги түшүндүрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>