Бишкекте велосипед уурдап жүргөн деп 22 жаштагы жигит кармалды (видео)

Бишкекте велосипед уурдап жүргөн деп 22 жаштагы жигит кармалды (видео)

Бишкек шаарында  велосипед уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 17-январда белгисиз жаран Асанбай кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн 30 миң сомдук Author велосипедин уурдап кеткен. Бул боюнча велосипеддин ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы Т.Р. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары учурунда шектүү уурдалган велосипедди милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Ошондой эле анын ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, 0(701) 00-26-88, 0(500) 03-02-00 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>