Өкмөт жылдык кирешеси 8 млн сомго жетпеген бизнести салыктан бошотот

Өкмөт жылдык кирешеси 8 млн сомго жетпеген бизнести салыктан бошотот

Ишкерлер үчүн контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөт. Ошол эле учурда салыктарды төлөө Кыргызстандын ар бир жаранынын конституциялык милдети болуп саналат. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ККМди ишке киргизүүнүн алкагындагы сунуштарды талкуулоо боюнча жумушчу топтун отурумунда билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, кеңешменин жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан жумушчу топтун сунуштары талкууланды.

Жумушчу топтун бардык сунуштары кеңири талкууланып, Министрлер Кабинетинин башчысы алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай продуктуларын сатуу менен алектенген ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды кыйшаюусуз колдонууга жана сатылып жаткан продукцияга эсеп-фактураларга ээ болуусу тийиш экенин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды, анткени алардын көпчүлүгү контролдук-кассалык аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатканын моюнга алышты.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар чечимдер, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге ишкердик менен алектенген чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе, аларды салыктан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жумушчу топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтүп, анда ишкердиктин башка категориялары талкууланып, ал үчүн контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү каралууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: салык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>