Камактагы адамдын өлүмү. Сокулуктун милициясынын жетекчиси баштаган үч адам кызматтан алынды

Камактагы адамдын өлүмү. Сокулуктун милициясынын жетекчиси баштаган үч адам кызматтан алынды

Чүйдүн Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган адамдын өлүмүнө байланыштуу үч кызматкер кызматтан бошотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен тартиптик уставдын талаптары бузулгандыгы, ишенип берилген өздүк курамдын арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл болбогондугу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишин регламенттеген бир катар нускамалардын талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында Сокулук райондук милициянын башчысы Уран Шамбетов жана анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Тилек Дүйшөнбек уулу ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулган.

Ошондой эле ИИМдин, Чүй облустук милициясынын 2 жетекчисине жана 5 кызматкерине тартиптик жаза берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин облустук милиция алдамчылыкка шектелип кармалган жаран асынып каза болгону тууралуу кабарлаган. Ал 2-апрелде кечинде асынган абалда камерадан табылган. Маркум 1983-жылы туулган У.Б. аттуу жаран болгон. Шектүү 30-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция билдиргендей, маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөндө, денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Бул факт боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милициянын камак жайында каза болгон адам сүлгүгө асынып алганы айтылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>