Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин №31 бала бакча ачылды

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин №31 бала бакча ачылды

Бишкекте №31 “Бермет” аттуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага райондун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова жана райондук билим берүү борборунун башчысы Самара Шербаева катышты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы бала бакча жабылып, 1-кабаттын жыгач конструкциясынын шыбы урап түшкөн, бардык экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин капиталдык оңдоо иштери 2022-жылдын аягында башталган. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу реконструкциялоону «Табан» ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзгөн.

«Негизги корпус бекемделди, чатыры жабылды, ички жасалгалары жүргүзүлүп, ички жана тышкы инженердик тармактары алмаштырылды, бала бакчанын аймагы көрктөндүрүлдү. Билим берүү департаменти тарабынан материалдык-техникалык база менен 100% камсыздалды», — деп айтылат маалыматта.

№31 «Бермет» мектепке чейинки билим берүү мекемеси 1952-жылы негизделген, мекеме башкы корпустан, өзүнчө көмөкчү имараттардан, чарбалык блоктордон жана ашканадан турат, бала бакчанын жалпы аянты 3120 чарчы метр, негизги имаратын аянты 993 чарчы метр, 115 орунга ылайыкталган, 5 топтон турат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>