Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Эр эңиш боюнча дүйнөлүк чемпионатты жеңгендер сыйланды
25.09.2023 | 19:16
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин демилгеси менен Чолпон-Ата шаарында эр эңиш боюнча дүйнөлүк чемпионат өттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Кытай, Россия, Венгрия, Түркия, Монголия мамлекеттеринен келген балбандар катышып, ат үстүндө күч сынашты. Тагыраагы, 18 жаштан жогорку курактагы мырзалар, түрдүү салмак категориялары боюнча таймашты.
Эки күнгө созулган спорттук иш-чаранын жыйынтыгында баш байгени Кыргызстандын командасы ээлесе, Казакстан экинчи, Россия Федерациясы үчүнчү орунга жетишти. Жеңүүчүлөргө алтын, күмүш жана коло медалдар ыйгарылып, андан тышкары акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт