Өзгөндө жергиликтүү тургундар 2 бала бакча ачты

Өзгөндө жергиликтүү тургундар 2 бала бакча ачты

Ош облусунун Өзгөн районунун Мыйза-Аке айыл аймагында 2 бала бакча ачылды. Бул тууралуу облустун администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 80 орундуу «Эркинбү апа» жана 100 орундуу «Ханбаян-Нур» бала бакчалары жергиликтүү тургундар тарабынан ачылган. «Эркинбү апа» бала бакчасын ардактуу ардагер, демөөрчү Таабалды Жусубалиев ачкан. Ал өзүнүн турак жайын оңдоп-түзөп, тиешелүү эмеректерди алып, бала бакча ачууга 2 млн сомдон ашык каражат жумшаган.

Ошондой эле «Ханбаян-Нур» бала бакчасы Гүлкан Жороева жана анын үй-бүлөсү тарабынан ачылган. Ал үчүн 15 млн сом акча сарпталган.

Бала бакчалардын ачылышына жергиликтүү тургандар, бийлик өкүлдөрү катышкан.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын атынан бала бакчаны ачкан жарандарга Ардак грамоталар, белектер тапшырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>