Бишкекте жарандын телефонун жана акчасын карактап кетишкен

Бишкекте жарандын телефонун жана акчасын карактап кетишкен

Бишкекте жарандын 50 миң рубль акчасын жана iPhone X телефонун карактап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-июлда милицияга Б.И. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 25-июлга караган түнү болжол менен саат 03:00до Бишкекте белгисиз адамдар бычак менен коркутуп 50 миң рубль акчасы жана iPhone X телефону салынган барсеткасын тартып алганын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы А.И. жана 23 жаштагы М.Э. аттуу жарандар кармалган. Алар Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, кармалгандардын бири өз ыктыяры менен каракталган телефонду укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>