Бишкектеги бала бакчада наристенин сабалышы боюнча иш козголду

Бишкектеги бала бакчада наристенин сабалышы боюнча иш козголду

Бишкектеги бала бакчада наристени сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б.Г. аттуу жарандын №94 бала бакчанын тарбиячысы анын 3 жаштагы баласын сабагандыгы тууралуу кайрылуусу боюнча Октябрь райондук милициясынын кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү материалдарын текшерип чыкты.

Жыйынтыгында №94 бала бакчанын тарбиячысы Б.М. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ж.О. аттуу үч жашар баланын денесине эч бир себепсиз залал келтирип, анын дене боюна жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган.

Бирок, Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакчанын тарбиячысынын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды Укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн.

Тергөөчүнүн аталган чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, жаш баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>