Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

Бүгүн, 28-июлда Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу унаалар топтолуп калды, деп билдирет Чек ара кызматы. 

Алдын ала маалыматтарга караганда 27-июлда саат 22:50дөн баштап «Ак-Тилек-автожол», «Чоң-Капка-автожол», «Чалдыбар-автожол», «Ак-Жол-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайларында белгис из септерден улам Мамлекеттик салык кызматынын «Жыйынды посту» автоматттык маалыматтык тутумунун «АМТ» ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

Эскертүү кетсек, ЕАЭБнин мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн республикинын аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы «Жыйынды пост» автоматтык маалыматтык тутумун колдонот.

Тутумдун ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган.

Белгилей кетсек, Чек ара кызматынын Тышки комиссии эсепке алуу бирдиктүү тутуму штабтык режимде иштеп жатат. Айдоочулар жана жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>