Бишкектеги Репродукция борборунда жасалма уруктандыруу процедурасы кайра жанданат

Бишкектеги Репродукция борборунда жасалма уруктандыруу процедурасы кайра жанданат

Адамдын репродукциясы боюнча Кыргыз илимий борбору экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) процедурасын кайра уланта алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган борборго саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барган.

Министр жамаатка саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, алардын калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуудагы мааниси тууралуу айтып берди. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин быйылкы жылдагы максаттары жана милдеттери тууралуу дагы сөз болду.

Борбордун жетекчилиги операциянын ийгиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн ЭКУ процедурасын кайра баштоо үчүн персоналдын потенциалын жогорулатуу, эмбриология, репродукция, гинекологиялык эндокринология боюнча адистерди даярдоо жана кошумча жабдыктар менен камсыз кылуу зарыл экендигин белгиледи.

«Мамлекеттик мекемеде ЭКУ кызматын өнүктүрүү үй-бүлөлөргө бактылуу ата-эне болууга шарт түзөт жана кызмат көрсөтүүнүн баасы чет өлкөлөргө же жеке клиникаларга караганда арзан болот. Андыктан Саламаттык сактоо министрлиги борбордун адистерин окутууну уюштуруу, ошондой эле материалдык-техникалык базаны жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн карайт», — деди министр борбордун жетекчилигине.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри борбордун жетекчисине ЭКУдогу жабдууларга метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнү, зарыл жабдуулардын тизмесин түзүүнү тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>