Вице-президент Во Тхи Ань Суан: Кыргызстан — Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшүТажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке сапар менен келдиКыргызстан АКШдан КР жарандары үчүн визалык депозитти кайра карап чыгууну өтүндүСадыр Жапаров Антониу Гутерриш менен жолугушту: кандай маселелер талкууланды?ДКӨ жана ШКУ: Бишкек менен Ысык-Көлдө тез жардам кызматы кандай иштейтЕАӨБ: Кыргызстанда инфляция 11,4%га чейин ылдамдады жана 2028-жылга карай гана калыбына келет
Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү тууралуу эмне белгилүү?
17.02.2023 | 10:54
Бишкектеги 5-кичирайондо үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган 36 жаштагы Ч.А. аттуу жаран мурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.
Маалым болгондой, ал 2021-жылы өткөн парламеттик шайлоодо Баткен шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышкан. Ошондой эле, ал кармаш уруш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери экени белгилүү.
Ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.
Андан тышкары ал мурда УКМКда иштегени айтылууда.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичирайонунда аял киши уул-кызы менен киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы А.Ч. аттуу жаран кармалган.
Үрөй учурган окуя. Бишкекте бир үйдөн үч кишини өлтүрүп кетишти
Биздин Телеграм каналга катталыңыз