«Сынган кылыч» романы сериал болуп тартылат

«Сынган кылыч» романы сериал болуп тартылат

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын негизинде сериал тартылат. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.

Анын айтымында, каражат маселеси чечилип, алгачкы этабында эле 200 миллион сом бөлүнөт.

Тарыхчынын пикиринде, романдын маңызын бир  көркөм тасмага камтуу мүмкүн эмес болгондуктан беш сериялуу сериал тартылат.

“Сценарий жазганга, сериалды тартканга эң мыкты жазуучулар, режиссерлор, керек болсо четтен да мыктылар чакырылмай болду. Буюрса чыгармачыл топтун алгачкы отуруму февралга белгиленди, ошол жерде конкреттүү талкуу болуп, иш пландары бекитилип, алдыга көздөй кадам башталат”, — Кыяс Молдокасымов.

Белгилей кетсек, тарыхый романдын негизинде тасма тартуу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сунушталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>