Бишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылатЭми «Түндүк» тиркемесинен бардык эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды алууга болотБишкекте «Манас» аэропортуна баруучу жолдун бир тарабы убактылуу жабылатМинистрлер кабинетинде кыргыз тили боюнча тестирлөөнү кеңейтүү тапшырылдыКытай кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин эки жаңы түрүн киргиздиФутбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын Суперкубогун жеңип алды
Бишкектин 70 жаштагы тургуну изделүүдө
21.05.2024 | 09:12
Бишкекте 70 жаштагы карыя изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Курманбек Осмонбеков 20-майда саат 12:00 чамасында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: оң бутуна аксак.
Кийген кийимдери: кара спорттук шымчан, ак түстөгү көйнөкчөн.
Көргөн-билгендер Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарлай алат: 0312 56-60-43, 0312 56-32-48, 0507 231 298 ошондой эле “102”кыска номерине.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом