«Бишкекгаз» 5–7-октябрда Бишкектин ири аймагында газды өчүрөтМаммүлктү башкаруу агенттигинде 336,7 млн сомдук жана $3,6 млндук мыйзам бузуулар аныкталды — Эсептөө палатасыУлуттук фтизиатрия борборунун аталышы өзгөртүлүп, ага пульмонология багыты кошулдуБишкектин Аалы Токомбаев проспектисиндеги жөө адамдар өтүүчү жол жарыктандырылдыБишкекте абитуриенттерге Орусиянын ЖОЖдорунда билим алуу тууралуу айтып бериштиКыргызстанда 2026-жылы сабизден рекорддук түшүм күтүлүүдө
Бишкектин тургунунун үйүнөн баңгизат табылды – видео
05.09.2023 | 19:06
Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн героин жана апийим табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1984-жылы туулган К.У. аттуу жарандын үйүнүн короосунан кызматтык иттин жардамы менен жашыл түстөгү курулуш мээлейи табылып, анын ичинде боз түстөгү өзгөчө жыты бар зат, салмагы 40 грамм героин, 90 грамм апийим табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү К.У. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом