«17,6 млн сом зыян». Chargefast Кара-Көлдө 100дөн ашык кишини сызга отургузуп кетти

«17,6 млн сом зыян». Chargefast Кара-Көлдө 100дөн ашык кишини сызга отургузуп кетти

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында тургундар Chargefast («Тез заряд») каржы пирамидасына 17 млн 600 миң сом акчасын алдырып койгон. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Кара-Көл шаарында 100дөн ашык тургун “акчаңды эки эсеге көбөйтүп беребиз” деген убадага ишеним, «байып кетебиз» деген ой менен Chargefast’ке акча салышкан. Эң аз акча салганы 750 сом, эн көбү 500 миң сомго чейин жеткен. Дагы бир мисал, каржы пирамидасына бир үй-бүлөдөн 5 адам кирип, алар 1,5 млн сом салган.

Chargefast каржы пирамидасына алдангандардын катарында миграцияда иштеген балдарынын топтогон акчасын бергендер, өзүндө акча жок туруп, карызга алгандар, ал гана эмес насыя алып акча салгандар болгон. Натыйжада 1-мартта каржы пирамидасы иштебей калганда, 100дөн ашык адам 17 млн 600 миң сомунан кур калып, сызга отуруп калган.

Милициянын маалыматы боюнча, Кара-Көл шаарында Chargefast каржы пирамидасын бир тууган ага-инилер жайылтышкан. Алардын бири — 48 жаштагы жаран Бишкектеги милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал эми анын 43 жаштагы иниси изделүүдө.

Андан тышкары, ушул эле каржы пирамидасына байланыштуу Бишкекте 29 жаштагы жигит, 33 жана 29 жаштагы кыздар жана Ысык-Көлдө 49 жана 47 жаштагы аялдар кармалган.

Аталган алдамчылык иштерине байланыштуу милиция жарандарды «акчаңды эки эсе көбөйтүп беребиз» деген убадаларга ишенбөөгө, каржы пирамидаларынан оолак болууга чакырат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>