Дары-дармек департаментинин директору бир айга камалды

Дары-дармек департаментинин директору бир айга камалды

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору А.А. бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-майда Биринчи май райондук соту аны 23-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, 24-майда Дары-дармек департаментинин директору кармалганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал башка жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, дары-дармектерди тез каттап, сертификат берүү үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча алып турган.

«Ошол эле учурда иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн. Жооптуу адамдардын мындай аракеттери сапаты сертификациялык талаптарга жооп бербеген медициналык буюмдарды каттоо коркунучун жаратат жана өлкөнүн калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет», — деп билдирген УКМК.

УКМК: Дары-дармек департаментинин директору кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>