Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Блогер “Sydyman” камакка алынды
17.02.2020 | 13:18
Блогер Элмир Сыдыманов Бишкек шардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1997-жылы туулган Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренесинин (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу”) негизинде кармалган.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери башталып, шектүү камакка алынган.
Белгилей кетсек, “Sydyman” деген ат менен белгилүү Элмир Сыдыманов өзүнүн “Инстаграм” баракчасынын түз эфиринде Кыргызстандын айрым облус тургундары жөнүндө терс пикирин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар