Трамп менен Мирзиёевдин кыздары жолукту

Трамп менен Мирзиёевдин кыздары жолукту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Дубайда өтүп жаткан аялдар форумуна катышууда.

Ал «Телеграм» каналына Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасс аны АКШ президентинин кызы Иванка Трамп менен тааныштырганын жазды.

“Таанышуу учурунда Иванка менен чогуу турган Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директору Кристалина Георгиева да сөзгө аралашты. Ал Өзбекстан президентин өтө урматтай турганын билдирди”, – деп жазды Мирзиёева.

Саида Мирзиёева аялдар форумунда сөз сүйлөп жатып, мурда өзбек аялдары бардык тармактарда ийгиликке жетишип, бирок көлөкөдө калып келишкенин билдирди.

«Аларга ийинди түзөөгө, өз шыктарын жана сапаттарын эч кандай коркуу жана чектөөлөрсүз көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө убакыт жетти», – деди Мирзиёева.

Ал өз сөзүндө Өзбекстандагы гендердик теңчилик маселесине да токтолуп, аялдар үй-бүлөдөгү милдеттери менен шаардагы жумуштарын айкалыштырууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын белгиледи.

Саида Мирзиёева 29-январда Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин жетекчисинин орун басары кызматынан кеткенин кабарлаган.

Глобалдык форумдун сайтында ал Өзбекстандагы Гендердик теңчилик комиссиясынын мүчөсү катары тааныштырылган. Бирок президенттин тун кызы бул комиссиянын мүчөсү болуп дайындалганы тууралуу коомчулукка кабар айтылган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>